29 - июль күнү Түркмөнстанда көчөлөрдө велосипед жана автобустар гана иштейт

Гурбангули Бердимухаммедов коомчулуктун бекем ден соолукта жашоосун күчтөндүрүү үчүн Ашкабат  - 2017  проектисинин алкагында жаңы бир кампания баштатты...

760914
29 -  июль күнү Түркмөнстанда көчөлөрдө велосипед жана автобустар гана иштейт

Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов коомчулуктун бекем ден соолукта жашоосун күчтөндүрүү үчүн Ашкабат  - 2017  проектисинин алкагында жаңы бир кампания баштатты... Иштеген кишилер жумушка велосипед менен барат.

Президент Гурбангули Бердимухаммедов акыркы министрлер кеңешининин жыйынынан мурда бул тууралуу маалымат берүү максатында Огузхан сарайындагы иш алып баруу офисинен министрлер кеңешинин имаратына велосипед менен келген.

Президент Бурдимухаммедовдун сунушуна караганда өлкөдөгү бардык мекеме жана мекемелердин лидерлери менен кызматкерлеринин 29 -  июль күнү жумушка велосипед менен келиши күтүлүүдө.

29 -  июль күнү шаардын бардык жолдорунда бир гана велосипед жана автобустар гана иштейт. Иш чаранын элдин саламаттыгын бекемдөөгө, экологияга сезимталдуулук маданиятын арттырууга жана велосипед колдонууну колдоого салым кошорун айткан Бердимухаммедов : «Элдин саламаттыгына жана бейкуттугуна маани берүү менен физиологиялык жана психикалык жактан күчтүү муундардын жетиштирилиши, мамлекет үчүн бардык нерседен алдыда турган маанилүү милдет»,- деди.



Тектеш кабарлар