Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин Казакстанда болду

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин Казакстанга расмий бир сапар менен барды.

749708
Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин Казакстанда болду

 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кытай мамлекет башчысы Сини президенттик сарайында расмий азем менен тосуп алды.

Аземден кийин өткөрүлгөн жекеме – жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, инвестиция, маданият, технология жана коопсуздук тармактарда кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Президент Назарбаев Казакстан  -  Кытай карым – катнаштарынын үлгү болгондугун белгилеп : «Биздин арабызда чечилбеген эч бир маселе жок. Экономикалык тармакта Кытай Казакстандын негизги өнөктөшү»,- деди.

Назарбаев ушул күнгө чейин Казакстан арачылыгы менен Кытайга 100 миллион тоннадан ашуун нефть жана 180 миллиард метр куб жаратылыш газ жүктөлгөндүгүн айтып : «Өлкөлөрүбүздүн арасындагы соода көлөмү, Кытай бажы кызматтарынын маалыматтарына караганда 46 пайыз, биздин маалыматтарыбызга караганда 30 пайызга артты»,- деди. Кытайдын «Бир алкак – бир жол» проектисин активдүү колдогондугун эске салган Назарбаев : «Бир алкак – бир жол проектисинин алкагында Нурдуу жол проектибиз тууралуу келишимге кол койгондон кийин Кытай чек арасынан Каспий деңизине чейин темир жол төшөдүк жана Кытай чек арасындагы Хоргос порту менен Алматы шаарын байланыштырдык. Ушундайча Орто Азия жана Казакстандын Кытай менен байланышы түзүлдү»,- деди.

Кытайдын мамлекет башчысы  Цзиньпин да «Бир алкак – бир жол» проектисине берген колдоо үчүн Казакстанга рахмат айтып : «Кытай менен Казакстандын ортосунда бардык тармактарда тыгыз карым – катнаштар түзүлүп, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык ортоктуктун көрсөткүчү»,- деп баа берди.

Казакстан  - Кытай иш кеңешинин жыйынында да эки өлкөнүн ортосунда 8 миллиард долларлык 20 келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар