Кипр маселесин сүйлөшүүгө карай Женева жолу ачылды

ТКТРнын Президенти Мутафа Акынжы, БУУдагы жолугушууларынан кийин Нью-Йоркто түрк журналисттери менен жолугуп, жолугушуулары тууралуу маалымат берди.

746607
Кипр маселесин сүйлөшүүгө карай Женева жолу ачылды

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Мустафа Акынжы, Кипр темасындагы сүйлөшүүлөрдө БУУнун баш катчысы Антонуо Гутеррештин чакыруусу менен болгон кечээ кечиндеки жолугушууда акыл жолунда жолугушкандарын, алдын ала шарттар жоюлганын, ошондуктан Женева сүйлөшүүлөрүнүн жолунун да ачылганын айтты.

ТКТРнын Президенти Мустафа Акынжы, БУУдагы жолугушууларынан кийин Нью-Йоркто түрк журналисттери менен жолугуп, жолугушуулары тууралуу маалымат берди.

Акынжы, Нью-Йоркто Кипрдын Рум Бөлүгүнүн лидери Никос Анастасиадис менен 3,5 сааттан ашык убакытка дейре сүйлөшкөндөрүн, анткени 17-майда Кипрде болгон акыркы лидерлер жолугушуусунда Женеванын жолун ача турган жыйынтыкка жетише албагандарын эске салды.

БУУнун баш катчысынын атайын кеңешчиси, Кипр боюнча атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйде жүргүзгөн ортомчулук дипломатиясынан да майнап чыкпаганын белгилеген Мустафа Акынжы, мунун башкы себебинин Кипрдын Рум бөлүгүнүн шарт коюу мамилеси болгонун белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар