«Манас» эпосу Түркияда таанытылды
Профессор Хайреттин Ивгиндин «Алтай тоолорунун кабыланы-Манас» аттуу чыгармасын таанытуу иш-чарасы өттү.
Бүгүн Түрк дүйнөсүнүн маданият уюму ТҮРКСОЙдо профессор Хайреттин Ивгиндин «Алтай тоолорунун кабыланы-Манас» аттуу чыгармасын таанытуу иш-чарасы өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, проф.Ибрагим Жунусов, Түрксойдун баш катчысы, проф.Дүсен Касеинов, китептин автору, проф. Хайреттин Ивгин, Түркмөнстандын Түркиядагы элчиси Ишанкули Аманлиев, Кыргыз Республикасынын Түрксойдогу өкүлү, кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзира Жумакунова, Невшехир университетинин окутуучусу, илимдин кандидаты Бактыгүл Куламшаева, Анкара университетинин жаңы түрк адабияты боюнча докторанты Нурабүбү Борсокеева, Дүйнөлүк жазуучулар жана интеллигенттер коомунун төрагасы Осман Баш, Гази университетинин окутуучусу, проф. Нажие Йылдыз, маданият жана туризм министрлигине караштуу Хагемдин мурдагы башкы директору Наил Тан, адабиятчылар, студенттер, медиа мүчөлөрү жана «Манас» эпосуна кызыккан калың эл катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Манас» эпосу туурасында ар кыл ойлор айтылып Түркия калкынын бул китептен өздөрүнө таандык көп нерсени алса боло турганы байма-бай айтылды.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.