Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов ТҮРКСОЙдо эскерилди

Иш-чара «Түрк дүйнөсүнүн улуу инсандары» конференциясынын алкагында өткөрүлүп бул бөлүмү Алыкул Осмоновго арналды.

694375
Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов ТҮРКСОЙдо эскерилди
ALIKUL_OSMONOV_TURKSOY31.jpg
ALIKUL_OSMONOV_TURKSOY29.jpg
ALIKUL_OSMONOV_TURKSOY5.jpg
ALIKUL_OSMONOV_TURKSOY1.jpg

17-мартта Түрк дүйнөнүн маданиятын таанытуу уюумунда (ТҮРКСОЙ) кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновду эскерүү жана чыгармаларын түрк дүйнөсүнө жайылтуу иш-чарасы өттү.

Иш-чара «Түрк дүйнөсүнүн улуу инсандары» конференциясынын алкагында өткөрүлүп бул бөлүмү Алыкул Осмоновго арналды.

Конференцияга КР Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси,профессор Ибрагим Жунусов, КР ТҮРКСОЙдогу өкүлү, кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, Эрзурумдагы «Ататүрк» атындагы университеттин адабият факультетинин окутуучусу, илимдин кандидаты Майрамгүл Дыйканбаева, Казакстандын Түркиядагы элчи милдетин аткаруучу кеңешчиси Алимхан Есенгельдиев, Алыкул Осмоновдун ырларын түрк тилине которгон, акын Кенан Чарбога, акындар, жазуучулар, адабиятчылар, мугалимдер, медиа кызматкерлери, студенттер жана Алыкулдун чыгармаларына кызыккан калың эл келип катышты.

Иш-чаранын ачылышы акын Кожогелди Култегиндин Алыкулдун ырын окуусу менен башталды. Элчи Ибрагим Жунусов да Алыкулдун ырлары көптөгөн обончулар тарабынан иштелип чыгып музыкага айланганын белгилеп өттү.

Ал эми атайын баяндамасын даярдап келген адабият боюнча илимдин кандидаты Майрамгүл Дыйканбаева, Алыкулдун өмүр баяны, жашоосундагы акын болуусуна түрткү болгон урунттуу окуялары, ырларындагы философиясы, ар кылдуулугуна токтолуп, 35 жылдык кыска өмүрүндө балдарга арналган ырларды да жазганын баяндап берди.

Казакстандын элчи милдетин актаруучусу Алимхан Есенгельдиев кыргыздын классикалык акыны казактарга да таанымал экенин, ошондой эле казак менен кыргыздын боордош калк экенин баса белгилеп кетти.

Акын Кенан Чарбога, Алыкулдун ырларын которгону үчүн абдан кубанганын, анын ырларын которуп жатып Түрк дүйнөсүндө ушундай улуу акындын жашап өткөнүнө сыймыктанганын жана ошондой эле учурдагы кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин мырза менен таанышып калганына ыраазы болгонун маалымдады.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга сыйлыктар тапшырылып, чакан концерт менен коштолду.

ТҮРКСОЙдун чакыруусу боюнча Кыргызстандан келген КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова, «Сымбат» бийчилер тобу, «Акак» комузчулар тобу жана кыл кыякчы Айнур Бердикулова өз өнөрлөрүн тартуулашып, катышуучулардын жарпын жазышты.



Тектеш кабарлар