Кыргызстанда Түркиянын жүк ташуучу учагы кырсыкка учурады
Кырсык болгон жерге жеткен куткаруучу топтор төртөө учкучтан турган 37 кишинин жансыз денесин чыгарды.
Кыргызстанда Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап түшүп 37 киши каза болду.
Кыргызстандык жооптуу кызматтагылар Гонконгдон учкан учактын «Манас» аэропортуна жакын жерде кулап түшкөнүн жарыялашты.
Кырсык болгон жерге жеткен куткаруучу топтор төртөө учкучтан турган 37 кишинин жансыз денесин чыгарды. Каза болгондордон Түркия жарандары экөө учкуч, экөө жүк жүктөөчү кызматкерлер болгону аныкталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин жарыясына караганда каза болгондордон көпчүлүгү учак кулаган аймакта жашаган тургундар экени маалымдалды.
Кырсыкка аба-ырайынын ыңгайсыздыгы себепчи болгону билдирилүүдө. Учак кулаган айылда 15 үй зыянга учурады.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Гонкгонг-Стамбул каттамы менен келе жаткан "АСТ аба жолдоруна (myCARGO)» авиакомпаниясына таандык экени айтылган "Боинг – 747" учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн.
Кыргыз адистери учкучтардын кандайдыр бир шашылыш абал маалыматын бербегендерин, бирок учак конуп баратканда тыкыс тумандын себебинен көрүү аралыгы 150 метрге түшкөнүн айтышты.
Учактын кара кутусу урандынын астынан чыгарылды. Кара куту эл аралык комиссия тарабынан иликтенет.
Тектеш кабарлар
Шольцтун Астанадагы билдирүүсү
Германия менен Казакстандын ортосунда абдан кеңири өнөктөштүк бар экенин баса белгиледи.