Нурсултан Назарбаев Сирия тууралуу сүйлөшүүгө Астананын даяр экендигин билдирди

«Казакстан Астанада боло турган сүйлөшүүлөрдө бардык тараптарларга үй ээлик кылууга даяр»

638705
Нурсултан Назарбаев Сирия тууралуу сүйлөшүүгө Астананын даяр экендигин билдирди

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүн өлкөсүнүн борбор шаары Астанада өткөрүүгө даяр экендигин айтты. Назарбаев Орусиянын президенти В. Путин менен жолугушуу үчүн барган Санкт Петербург шаарында берген маалыматында : «Казакстан Астанада боло турган сүйлөшүүлөрдө бардык тараптарларга үй ээлик кылууга даяр»,- деди.

Орусиянын президенти Путин өткөн жумада Орусия, Иран, Түркия жана Асад режиминин Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн Казакстандын борбор шаары Астанада өтүшү тууралуу макулдашууга барышкандарын жарыялаган.

Орусиянын президенти Путин Сирия үчүн кийинки кадамдын өлкө масштабында ок атууларды токтотуу экендигин айткан болчу.



Тектеш кабарлар