Анкарада Казакстандын көз карандысыздыгы белгиленди

Фарук Өзлү Казакстан менен Түркиянын ортосундагы карым – катнаштардын күн сайын дагы да өнүгүп жаткандыгын билдирди

622614
Анкарада Казакстандын көз карандысыздыгы белгиленди

Казакстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы борбор шаар Анкарада белгиленди. Өткөрүлгөн аземге билим жана технология министри Фарук Өзлү, Түркия Парламентинин төрага орун басары Акиф Хамзачеби, Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу, Улуу биримдик партиясынын лидери Мустафа Дестижи менен кээ бир саясатчылар, бюрократ жана дипломаттар катышты.

Казакстанды көз карандысыз мамлекет катары биринчи болуп тааныган өлкөлөрдүн башында Түркиянын тургандыгын айткан Фарук Өзлү Казакстан менен Түркиянын ортосундагы карым – катнаштардын күн сайын дагы да өнүгүп жаткандыгын билдирди.

Түркия Парламентинин төрага орун басары Акиф Хамзачеби болсо түрк тарыхы жана маданиятынын булагы болгон аймакта орун алуусу менен Казакстандын Түркия үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 2 миллиард доллар экендигин билдирген Хамзачеби мунун жетерлик эмес экендигин жана бул санды 10 миллиард долларлык деңгээлге чыгаруу керектигин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар