Азербайжанда улуттук ойгонуу күнү

Азербайжанды көз карандысыздыгына алып барган биринчи кадам ташталган күн, улуттук ойгонуу күн катары майрамдалууда

612865
Азербайжанда улуттук ойгонуу күнү

 

1988 -  жылы советтер союзунун таркоосу астында кадыр – баркын жоготкон Кремль башкаруусу Армениянын Азербайжан түрктөрүнө каршы жасаган зулумчулукка үнсүз калган мезгилде Арменияда жашаган 200 миңден ашуун Азербайжан түркү жерлеринен сүрүлдү.

Армяндар ошол эле жылы Азербайжандын Жогорку Карабах аймагына кол салууларды баштады. Азербайжан калкы болсо зулумчулукту токтотуу үчүн аянттарга чыгышты. 1988 -  жылы 17 -  ноябрда Бакуда «Азаттык» аянтында өткөн митингге жүз миңдеген киши катышты.

17 күнгө созулган митинг советтер союзунун тарыхындагы эң чоң массалык кыймыл катары катталды. Азербайжан түрктөрүнүн бул кыймылы советтик башкаруу тарабынан кандуу түрдө бастырылса да Азербайжанды көз карандысыздыкка алып бара турган процесстин башталышы болду. Көз карандысыздыкка кеткен жолдо биринчи кадам ташталган 17 -  ноябрь күнү 1992 -  жылдан бери Азербайжанда улуттук ойгонуу күнү деп белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар