Анкарадагы кыргыздар тушоо той үчүн чогулду (видео)

Анкарадагы кыргыздар Йылмаз Алыч мырза менен Айжан Жорупбекова айымдын кызы Зейнептин тушоо тоюна катышты.

610586
Анкарадагы кыргыздар тушоо той үчүн чогулду (видео)

Анкарада жашаган кыргызстандыктар ар түрдүү иш-чараларды чогулуп, бирге өткөрүшөт. Анын бирөө өтүп кеткен жекшемби күнү тушоо той менен уланды....Анкаранын тургундары Йылмаз Алыч мырза менен Айжан Жорупбекова айымдын кызы Зейнептин тушоо тою кооз бир сейил бакта өткөрүлүп, Анкарада иштеген жана окуган кыргызстандыктар топтолушуп көңүлдүү иш-чарага күбө болушту...Кыргыздын жакшы салттарынан бири тушоо кесмейде бала жаңы тай-тай баса баштаганда өткөрүлүп, бала үчүн жакшы каалоолор айтылып келечекте ар дайым жолу түз болуп, мүдүрүлбөй жүрүшү тиленет...Ошондой эле тушоо тойдо эркектер өзүнчө, кыздар өзүнчө, балдар өзүнчө топ болуп жарышышат. Жарышта биринчи, экинчи, үчүнчү келгендерге байге берилет.Жарышта биринчи келген бала, бөбөктүн бутундагы тушоосун кесет... Мына ушул иш-чара аяктаган соң Анкарадагы кыргыздар кийинки иш-чарада жолугуу тилеги менен жакшы маанайда тарап кетишти...



Тектеш кабарлар