Чолпон-Атада “Чыгыш балдары достошот” аталышындагы эл аралык фестиваль болуп өттү

Фестиваль Кыргызстандагы Тарых жана маданият жылына жана “Сейтек” борборунун 80-жылдыгына карата арналып өткөрүлдү

525083
Чолпон-Атада “Чыгыш балдары достошот” аталышындагы эл аралык фестиваль болуп өттү

 27-июндан 3-июлга чейин Чолпон-Ата шаарында “Чыгыш балдары достошот” аталышындагы ХI эл аралык фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Сейтек” балдар борборунун жетекчиси Сабира Челпакова билдирди.

Анын айтымында, аталган фестиваль Кыргызстандагы Тарых жана маданият жылына жана “Сейтек” борборунун 80-жылдыгына карата арналып өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргызстандын бардык облустарынан жана Россия, Туркия, Кытай, Япония, Казакстандан балдар чакырылып, жалпы катышуучулардын саны 500дөн ашты.

Фестивалдын жүрүшүндө концерттер менен театралдык оюндар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн атайын экскурсиялык саякаттар уюштурулду.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар