Түркмөнстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат

Ага Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли менен "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамбли жана башка чыгармачылык топтор катышууда.

511130
Түркмөнстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат

Кечээ, 14-июнда Кыргызстандын Түркмөнстандагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак өнөрпоздордун концертин Түркмөнстандын маданият министри Аннагелди Гараджаев менен КРнын маданият министрлигинин статс-катчысы Бакыт Секимовдун куттуктоо сөздөрү менен ачышты.
Концерттин сонунда кыргыз-түркмөн достугун даңазалап жазылган жаңы чыгарма КР Эл артисти К.Осмоновдун аткаруусунда жаңырды. Эл достугуна арналган бул ырдын сөзү акын Б.Чотуровага, ал эми обону С.Жумалиевге таандык.

Кыргызстандын Түркмөнстандагы маданият күндөрү 14-16-июнь күндөрү өтөт. Ага Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли менен "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамбли жана башка чыгармачылык топтор катышууда.

Бул күндөрү кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн эмгектери, кыргыз кинолору көрсөтүлүп, туристтик көргөзмө-жарманке өтөт.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар