Кыргызстандан келген журналисттер Элчиликте

Кыргызстандан барган композитор, публицист, коомдук ишмер, КР Эл артисти Түгөлбай Казаков менен элчи Ибрагим Жунусов өткөн кеткенди эстеп көпкө баарлашышты.

496299
Кыргызстандан келген журналисттер Элчиликте
undefined
kgelcilik2
kgelcilik3
kgelcilik1
kgelcilik4

20-май күнү Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук жана атайын ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын эл артисти , профессор Ибрагим Жунусов мырзанын чакыруусу менен Кыргызстандан келген журналисттер элчиликке барып жылуу маанайда пикир алышып кайтышты. Жолугушууда, элчиликке бөлүнгөн жерге Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин имаратын тургузулган ген.планын көрсөтүп, аткарылган иш-чаралар тууралуу И.Жунусов айтып берди. Анын айтымында, Кыргызстандагы тарых музейи жаңыланып, мурда турган экспонаттар, артка жылдырылып, кире беришине Манастын буюмдары коюлуп, реконструкцияланат. «Мамлекеттик тарых музейин жаңылап реконструкциялоого Түрк өкмөтү тарабынан 17 миллион доллар бөлүндү. Буйруса, тарых музейи таанылгыс болуп өзгөрөт. Тышы да, ичи да көз жоосун алгыдай кооздукта жасалгаланат», - деди ал. Ошондой эле, Бишкекте 52 орундуу оорукананын курулушу башталгандыгы тууралуу да айтып берди. «Ал Кыргызстандагы эң алдыңкы, дүйнөлүк стандартка жооп берген, заманбап бейтапканалардын бири болмокчу”, - деп белгиледи. Кыргызстандан барган композитор, публицист, коомдук ишмер, Кыргызстандын эл артисти Түгөлбай Казаков менен баарлашып, өткөн кеткенди эскеришти. Анкаранын четиндеги райондордо “Кыргыз Эненин” күмбөзү бар экенин айтып ошол туурасында атайын иликтөөлөрдү жүргүзүп жатканынан кеп козгоп, баарын ойго салды. Ошондой эле ошол жерде жашаган жергиликтүү билген элдерден маалымат алып, атайын тарыхчылар менен изилдегенге да барып, бирок жетиштүү деңгээлде бул нерсе которулганы жок экендигин белгиледи. “Түркияда “Кыргыз энеге” арналган кумбөз жок жерден жасалбаса керек. Бул тууралуу алдыда дагы иш-чаралар болушу тууралуу кеп болду. Ушул нерсеге жакшылап көңүл буруш керек” – деп айтып өттү.

ТРТнын "Түркия үнү" радиосу үчүн ,

Айжамал Дуйшоева

«Кабар» маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар