Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк көргөзмө өтөт

Ага 11 мамлекет катышканы турат.

397364
Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк көргөзмө өтөт

Өлкөбүздө алгачкы жолу өтө турчу “Ачык дүйнө” долбоорунун алкагында “Наследие. ЭтноART” деген аталыштагы эл аралык сүрөт көргөзмөсү өткөнү турат. Ал Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтмөкчү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында музейдин директору, сүрөтчү Юристанбек Шыгаев билдирди.
Анын айтымында аталган көргөзмө дүйнө жүзүнүн Кыргызстандагы элчиликтеринин катышуусунда ачылат.
“Бул көргөзмө Кыргызстандын маданиятындагы эң чоң жаңылыктардын бири десек жаңылышпайбыз. Ага 11 мамлекет катышканы турат. Бүгүнкү күндө биздин музейде көптөгөн көргөзмөлөр өтүп келе жатат. Бирок, ушул убакка чейин Кыргызстандагы элчиликтер менен биргеликте чоң масштабдагы көргөзмө өтө элек болчу. Эл аралык көргөзмөнүн башкы максаты мамлекеттердин ортосунда көпүрө түзүп, маданият борборун орнотуу”,-деди Ю.Шыгаев.
Ал эми, “Ачык дүйнө” долбоорунун куратору Чолпон Тентиеванын айтымында көргөзмөдө башка өлкөлөрдүн маданиятын, тарыхын чагылдырган сүрөттөргө күбө боло алабыз. Ага Кыргызстандын атынан 19 сүрөт коюлат. Ошондой эле, бул көргөзмөдө сүрөттөрдөн тышкары ар бир мамлекеттин өзүнүн кийген кийимдеринин көргөзмөсү уюштурулат.
Белгилей кетсек, көргөзмө 5-декабрдан баштап 25-декабрга чейин созулат.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар