Кыргызстанда өкмөт ишеним добушун алды

Сариевдин өкмөтү 120 орундуу парламентте добуш бирдиги менен ишеним добушун алды

411194
Кыргызстанда өкмөт ишеним добушун алды

Кыргызстанда Темир Сариевдин жетекчилигинде курулган төрт партиялуу коалиция өкмөтү ишеним добушун алды.
Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан өкмөт куруу менен милдеттендирилген Сариевдин өкмөтү 120 орундуу парламентте добуш бирдиги менен ишеним добушун алды.
Премьер – министр Темир Сариев жалпы кеңештеги рахмат айтуу сөзүндө премьер – министрлиги учурунда өкмөттүн тактыгынын гарантеру болорун сөздөрүнө кошту. Кыргызстанда 4 - октябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо 7 пайыздык тосмону 6 партия ашып өттү.
Кыргызстанда 2010 - жылы 7 - апрелдеги элдик төңкөрүштөн кийин курулган убактылуу өкмөттө вице – премьер жана каржы министри катары кызмат кылган Темир Сариев лидери болгон «Ак шумкар» партиясы 2010 – жылы июндагы жалпы шайлоодо тосмону аша алган эмес.
Парламенттин тышында калган Сариев президент Атамбаев тарабынан 2011 - жылы 24 - декабрда курулган коалиция өкмөтүндө парламент тышынан экономика министрлиги кызматына келген.
Өлкөдө 2014 - жылы 4 - апрелде кызматын баштаган коалиция өкмөтүнүн премьер – министри Жоомарт Оторбаев катуу сындардын айынан 23 - апрелде арызын берген, 5 жылдын ичинде курулган 4 - колаиция өкмөтүнүн башына Темир Сариев келген.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар