Жаңы парламент жалпы өлкө кызыкчыгына иштеш керек

Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев добуш берүүгө келгенде, журналистердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

387319
Жаңы парламент жалпы өлкө кызыкчыгына иштеш керек

Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев 4-октябрь күнү Бишкек шаарындагы №1209 шайлоо участкасынан добуш берүүгө келгенде, журналистердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Өлкөдөгү туруктуулук жана гүлдөп өнүгүүдө парламенттин ролун баса белгилеген Алмазбек Атамбаев: “Өлкөнүн жаркын келечеги үчүн ар бир жаран таза абийирдүүлүкк менен добуш бериши зарыл”,– деди. Ал эми шайлоо өткөндөн кийин утулуп калган партиялар коомчулукту козуткан туура эмес кадамдарга барса, өлкө башчысы катары кандай чара көрөсүз деген журналистердин суроосуна: “Ачык айтайын, эл азыр кимдин эмне кылып жатканын түшүнүп калды. Эгерде саясий партиялар утулуп калганына карабай, ызы-чуу чыгарса, ага тиешелүүлөрдү дароо каматабыз. Элге тынчтык жана туруктуулук керек”,– деп жооп берди. Андан тышкары мурдагы шайлоолордон быйылкы парламенттик шайлоонун артыкчылыктарына токтолгон Өлкө башчысы: “Бүгүнкү шайлоо биометрикалык маалыматтардын негизинде, жаңы заманбап технологиялардын жардамы менен өтүп жатат. Бул демек, бир адам бир гана добуш бере ала тургандыгын айгинелейт. Тагыраагы, мурдагыдай топ бюлетенди жашикке жашыруун салуу аракети болбойт. Албетте техника деген техника, кемчиликтер да кетиши мүмкүн. Бирок одоно катачылыктарга жол берилбейт. Кайсы партия канча добуш топтосо ошону алат. Ал эми добуштардын так жана айкын эсептелишине кепилдик бар” – деди. Ошондой эле коалиция бекем болуп, Өкмөт жыл сайын алмашпоосу үчүн парламентке жок дегенде үч-төрт партия келсе туура болот деп кошумчалады. Ушул эле шайлоо участкасынан добуш бергени келген премьер-министр Темир Сариев да шайлоого даярдык жогорку деңгээлде болгонун белгилеп: “Биз парламенттик шайлоону жаңы тартип, жаңы технология: биометрикалык маалыматтын негизинде өткөрүп жатабыз. Бүгүн саат 08:00де өлкө боюнча бардык шайлоо участкалары ачылып, иштей баштады. Таң эрте бардык губернаторлор менен сүйлөштүм. Жалпы өлкө боюнча абал туруктуу. Шайлоо тынч өтүүдө”,– деп жооп берди. Белгилей кертсек, шайлоого 3000ге чукул эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар көз салышты. Алардын катарында Туркиянын парламент депутаты Эркан Айдын менен шайлоо күнү түшкө жуук байланышканыбызда, онго жакын участкаларды кыдырып чыкканын билдирип, эч кандай мыйзамсыз аракетке туш болбогондугун маалымдады. Шайлоо өткөрүүдөгү тазалык жана тактык жагынан Кыргызстанда ийгиликтер арбын экенин айткан байкоочу: “Туркияда мындай система дале колдонула элек. Бул жактагы парламенттик шайлоо, бардык демократиялык өлкөлөр үчүн үлгү болгудай таасир калтырды. Биз кыдырып чыккан участкаларда байкаганымдай, түшкө чейин эле шайлоочулардын отуз пайызга жакыны добуш берип коюптур. Бирок эч кандай мыйзам бузуу көргөн жокпуз”,– деди.
Бул туурасында журналист, акын Жайыл Русланов маалымады


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар