Кыргызстанда уюмдашкан өнөр жай аймагы курулат

Кыргыз ишкерлери Анкарадагы уюмдашкан өнөр жай аймагынын башкаруу кеңеши менен меморандумга кол койду.

308259
Кыргызстанда уюмдашкан өнөр жай аймагы курулат

28-июль күнү Кыргызстандын Жаш Ишкерлер Ассоциациясы (ЖИА)менен Анкарада жайгашкан ОСТИМ Уюмдашкан Өнөр жай аймагынын башкаруучулугу менен меморандумга кол коюлду. Бул меморандумдун негизинде Түркиянын тажрыйбасын колдонуп Кыргызстанда Уюмдашкан Өнөр жай аймагы курулмакчы. Меморандумга кол коюу иш чарасына Кыргызстандан Эл аралык Евразия демилге фондунун директору Аскар Айтматов, ЖИАнын өкүлү Темирлан Сарлыкбек уулу жана Кыргызстандын Туркиядагы элчисинин кеңешчиси Медер Абакиров жана ошондой эле ишкерлер катышса, Түркия тараптан Остим Уюмдашкан өнөр жай аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы Орхан Айдын, аймактын аткаруу директору Адем Арыжы жана бир канча ишкерлер болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө ОСТИМ уюмдашкан өнөр жай аймагынын аткаруу директору Адем Арыжы аймактын иштөө системасы тууралуу пикирин бөлүштү. Кыргызстандык ишкерлердин башын бириктирген уюмдашкан өнөр жай түзүлсө бир топ заводдор салынып, чыгарылган продукцияны сатуу жана жерине жеткизүү системалашып, бизнестин өркүндөшүнө бир топ жеңилдиктер түзүлөт. “ОСТИМ Анкаранын эле эмес бүтүндөй Түркиянын жергиликтүү эң эски уюмдарынын бири. Уюм ар түрдүү иштерди алып барат. 1967-жылы курулуп, 1990-жылдардын аягында Уюмдашкан өнөр жай аймагында бириккен. 500 гектарлык аймакта 5200 ишкер иш алып барат жана ар түрдүү тармакта өндүрүү жасашат. Бул уюмдун эң маанилүү өзгөчөлүгү катары жеке ишкерлерди даярдоосу болуп саналат” дейт Остимдин аткаруучу директору Адем Арыжы .
Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлү Темирлан Сарлыкбек уулунун айтуусу боюнча бул келишим Кыргызстандын экономикасын жана элдердин жашоо турмушунун денгээлин көтөрүүгө чоң салымын кошот. Кыргызстан азыр Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуп жаткан мезгилде, жаңы иш каналардын салынышы чоң мааниге ээ. “Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга шайкеш өнөр жай тармактарын куруу үчүн OSTİM өндүрүшүнөн маалымат,кеп- кеңеш жана кызмат алалы деген максатыбыз бар”-деди Темирлан Сарлыкбек уулу.
Келечекте кол коюлган меморандум өз жемишин берип, эки өлкөнүн экономикасына чоң салым кошооруна терең ишенич менен эки өлкөнүн ишкерлери жолугушууну эстелике сүрөткө түшүү менен жыйынтыктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар