Кыргызстандын президенти Атамбаевдин агасы каза болду

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 64 жаштагы агасы Калыбек Шаршенов каза болду.

339482
Кыргызстандын президенти Атамбаевдин агасы каза болду

Анадолу агенттигинин кабарчысынын алган маалыматына караганда борбор шаар Бишкекке 20 километр алыстыктагы Арашан айылында жашаган Калыбек Шаршенов бүгүн кечке карай саламаттыгынын начарлоосу менен каза болду. Шаршеновдун үйүндө кыргыз салтына карата боз үйлөр тигилди жана көңүл айтуулар башталды. Калыбек Шаршенов президент Атамбаевдин Арашан айылында энеси үчүн 2002 - жылы курдурткан «Эне мечитинде» эртең түшкү намаздан кийин окула турган жаназа намазынан кийин көмүлөт.
Орусия федерациясынын Уфа шаарында 10 - июлда өткөрүлө турган Шанхай кызматтатык уюмунун саммитине эртең эрте менен баруусу пландалган Атамбаевдин сапарынын кечеңдетилгени билдирилди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар