Азербайжан «Баку-2015» Европа оюндарына даяр
Европа олимпиадалык оюндары 12-июнда башталат.
12-28-июнь күндөрүнүн аралыгында өтө турчу Европа оюндарына катыша турган спортчулар тобу Азербайжандын борбор шаары Бакуга жөнөй баштады.
Германия жана ирландиялык спортчулар Бакуга биринчилерден болуп барган топ болду.
Спортчуларды Гайдар Алиев аэропортунда «Баку-2015» Европа оюндарынын уюштуруучу комитети тосуп алды.
Чет элдик медиа органдарынын мүчөлөрү да Бакудагы бул чоң иш-чарага күбө болууга даяр.
«Баку-2015» Европа оюндарына 800ү чет элдик, 700ү жергиликтүү бардыгы 1 миң 500 журналист байкоо салат.
Баку Европа оюндарында 49 өлкөдөн 6 миңден ашуун спортчу 20 категорияда медаль үчүн таймашат.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.