Бакуда мунай зат жарманкеси өтүп жатат

Жарманке 5-июнга чейин созулат.

301824
Бакуда мунай зат жарманкеси өтүп жатат

22-жолу уюштурулган Эл аралык Каспий мунай зат жана жаратылыш газы жарманкеси Азербайжандын борбор шаары Бакуда башталды.
27 өлкөдөн 315 фирма катышып жаткан жарманкенин ачылышын Азербайжандын президенти Илхам Алиев ишке ашырды.
Алиев сөз сүйлөөсүндө Түркия да орун алган Түштүк Газ коридору долбоорунун маанисине көңүлдөрдү бурду.
Алиев: «TANAP долбоору үч жылдын ичинде аяктайт жана ушундайча Азербайжан газы Азербайжанга дагы Түркияга дагы жөнөтүлсө болот»,-деди.
Аймакта энергетика темасында маанилүү роль ойногон түрк фирмалары да жарманкеде орун алды.
Бакудагы Expo Centerде өтүп жаткан жарманке 5-июнга чейин созулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар