Стамбул декларациясы

Дүйнө Түрк форумунун корутунду декларациясы жарыяланды.

255706
Стамбул декларациясы

Быйыл Чанаккале шейиттерин эскерүүгө карата уюштурулган Дүйнө Түрк форуму 23-25-апрель күндөрүнүн арасында Стамбул шаарында болуп өттү. Түрк-Азия Стратегиялык изилдөөлөр борбору (TASAM) тарабынан уюштурулган форум «Коомдук дипломатия,медиа жана маалымат» деген башкы теманын аcтында болуп, форумга эгемендүү түрк мамлекеттери менен катар дүйнөдөгү түрк диаспораларынан 60 чакты элдин мамлекеттик ишмерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, сенаторлор, аалымдар, Түркия жана тийиштүү элдерден парламент мүчөлөрү, министрлер катышты. Ошону менен бирге форумда Түрк Кеңешинин баш катчылыгы, ТүркПанын баш катчылыгы, ТҮРКСОЙдун баш катчылыгы, Премьер-министрликке караштуу чет элдеги түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын өкүлдөрү менен медиа мүчөлөрү да орун алышты.
Форум алгач Даанышман адамдар кеңешинин жалпы жыйыны менен башталып, эки күн бою ар түрдүү темаларда отурумдар өткөрүлүп, пикирлер айтылып жатты. Форумдун биринчи күнүнүн кечинде Түрк Дүйнөсүнүн Кызыл Алма сыйлыктары тапшырылып, түрк дүйнөсүнүн өнүгүшүнө салым кошкон адамдардын эмгектери бааланды.
Эки күндүк форумдун аягында Стамбул декларациясы жарыяланып, түрк дүйнөсүнүн орток маселелери жана 1915-жылдагы окуялар, Карабах маселеси сыяктуу орчундуу темаларда биргелеше аракет кылуу, бейөкмөт уюмдардын жана диаспоралардын уюмдашуусун аткаруу үчүн орток платформа жаратуу керектиги айтылды. Декларацияда ошондой эле «Анадолу, Кавказ, Кипр, Ирак, Орто Азия,Чыгыш Түркстан сындуу аймактарда түрктөргө каршы жүргүзүлгөн кыргындар жөнүндө изилдөөлөр жасалып, ошол маалыматтар боюнча энциклопедия жазылуусу керек» деп айтылды.
Стамбул декларациясында буларга кошумча «Чанаккале согушунда курман болгондор үчүн Түрк дүйнөсүнүн эстелиги тургузулуп, өзү ошол согушка катышкан Ахмет Жеваттын чыгармасынан үзүндү орун алышына чечим чыгарылды. Кабыл алынган чечимдердин арасында орток түрк тарыхына байланыштуу китептердин басылып чыгышы, орток маселелерди көрсөткөн кино тасмалар тартылышы, даректүү тасмалар, телемаектердин ишке ашырылышы орун алды. Ошондой эле түрк дүйнөсү үчүн «интеллектуалдык дата банк» топтолушу, ушул дата банктын калыптанышы үчүн Эл аралык Түрк академиясынын жол баштап берүүсү керек» деп айтылды.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар