"Токтогул" китеби жаңыча ыкма менен жазылды

"Токтогул" китебин 5 кесипкөй 6 тилде жазды.

254075
"Токтогул" китеби жаңыча ыкма менен жазылды

“Токтогул: Ырларга өрүлгөн, күүлөргө төгүлгөн өмүр” аттуу китеп 2014-жылынын Түрк Дүйнөсүндө “Токтогул жылы” деп жарыяланышынын артынан кыргыз акыны, ойчулу жана обончусу Токтогулдун адабий, философиялык жана музыкалык мурасы боюнча жазылган орток эмгек. Проект Түрк Дүйнөсүнүн атактуу кишилерин өз ара таанытуу максаты менен баш кошкон окумуштуулардын жекече аракеттери менен жаратылган алгачкы саамалык. Бул саамалыкты ишке ашыргандар бүгүн өтө тездик менен өнүгүп жаткан байланыш жана информация доорунда илимпоздордун бардык өткөөлдөрдү жеңип жогорку деңгээлде кызматташтык жасай ала тургандарын да далилдеген болду. Илим менен санаттын эриш-аркагында жазылган бул китепке Түрк Дүйнөсү Кызыл Алма сыйлыгынын берилиши бир жагынан эмгекке көрсөтүлгөн баа болсо, экинчиден мындан ары да түрк дүйнөсү илимпоздорун бул сыяктуу илимий, маданий багыттагы заманбап жана маңыздуу эмгектерди жаратыш үчүн шыктандырмакчы. (Видеомаек)


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар