Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер жыйыны Травникте өттү

Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин азыркы учурда 27 өлкөдөн 1100гө жакын мүчөсү бар

233415
Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер жыйыны Травникте өттү

Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги достук жана бир туугандык карым – катнаштарын өнүктүрүүнү улантууда. Жашоого боло турган шаарларды түзүү максатында жолго чыккан биримдик Босния – Герцговинанын Травник шаарында жыйын өткөрдү. 25 муниципалитеттин төрагалары жолугушкан жыйында түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги проектилери сөз болуп, пикир алышууларда болушту. Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттери биримдигинин баш катчысы Фахри Солак башчылык кылган жыйында муниципалитет башчыларына биримдиктин алып барган иштери тууралуу маалымат берилди. 2003 - жылы түзүлүгөн Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин азыркы учурда 27 өлкөдөн 1100гө жакын мүчөсү бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар