Өзбекстанда шайлоо өтүүдө
Шайлоодо учурдагы президент Ислам Каримов менен бирге төрт талапкер ат салышууда.
Орто Азиянын калкынын саны эң көп өлкөсү Өзбекстанда эл, президенттик шайлоого барып жатышат.
Шайлоодо учурдагы президент Ислам Каримов менен бирге төрт талапкер ат салышууда.
Парламентте көпчүлүк оруну болгон, бийликтеги Либерал-демократиялык партиянын талапкери Ислам Каримов, 2007-жылы декабрдагы шайлоодо 88 пайыздык добушка ээ болгон.
1990-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан Каримовдун кайрадан шайланган учурунда, өлкө башкаруучулугунун кандайдыр бир аскердик бирликке мүчө болбоону көздөгөн тарапсыздык статусун улантышы күтүлүүдө.
Орто эсеп менен 21 миллион шайлоочусу болгон Өзбекстандагы шайлоону 50 чакты өлкөдөн байкоочу байкап жатат.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.