Кытайда дагы 3 уйгур өлүм жазасына тартылды

Кытайдын Куньмин шаарында поезд станциясында өткөн жылы 31 киши каза болгон кол салуу боюнча жооптуу көрүлгөн 3 уйгурдун өлүм жазасы аткарылды.

279824
Кытайда дагы 3 уйгур өлүм жазасына тартылды

Кытайдын түштүгүндөгү Юньнань провинциясынын баш калаасы Куньминде поезд станциясында өткөн жылы 31 киши каза болгон кол салуу боюнча жооптуу көрүлгөн 3 уйгурдун өлүм жазасы аткарылды.
Куньмин орто элдик соту, кол салууну уюштуруу жана атайылап адам өлтүрүү айыптары тагылып октябрь айында Юньнань жогорку элдик прокуратурасы тарабынан өлүм жазасы бекитилген Искендер Эхет, Тургун Тохтунйаз жана Хасан Мухаммеддин өлүм жазасынын актарылганын жарыялады.
Сентябрь айында Куньмин орто элдик сотто каралган доодо, 3 уйгур өлүм жазасына тартылган жана доонун берки шектүүсү Патигүл Тохти болсо кол салуу жана атайылап адам өлтүрүү айыбы тагылып өмүр бою абак жазасына тартылган.
Өткөн жылы март айында бычакчан бир топтун поезд станциясында тургандарга кол салуусунан 31 киши каза таап, 141 киши жаракат алган. Кытайдын органдары бул окуяны «террордук кол салуу» деп мүнөздөгөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар