Европа олимпиадалык оюндарына даярдыктар уланууда
Европа оюндары 12-28-июнь күндөрүнүн арасында Бакуда өткөрүлөт.
Азербайжан, тарыхынын эң чоң уюштурууларынын бирине жетекчилик кылат.
Борбор шаар Бакуда өтө турган Европа олимпиадалык оюндарына саналуу күндөр калды.
Даярдыктар ылдам уланып жатат.
Иш-чаранын комитети мыкты спортчуларга бериле турган медалдарды таанытты.
Айрыкча Европа оюндарынын билет баасы жана сатууга коюу күнү да белгилүү болду.
Буга караганда 19-21-март күндөрүнүн арасында сатууга коюла турган билеттер 18 жаштан жогору курактагылар үчүн 5-15 түрк лирасы, 16 жашка чейинки күйөрмандар үчүн болсо акысыз болот.
Биринчиси өтө турган Европа оюндары 12-28-июнь күндөрүнүн арасында Бакуда өткөрүлөт.
Европадагы 49 өлкөдөн 5 миң 600 спортчу 20 категорияда медаль үчүн таймашат.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.