Түркияда окуган кыргыз студенттер

Студенттер ТРТда иш-тажрыйбасын алып жатышат.

211707
Түркияда окуган кыргыз студенттер

- Мунара : Бугун бизде, конокто Стамбулдагы Мармара университетинин 4-курсунун студенти Усайыров Жаныбек жана ошондой эле Кенже Бадан кызы Конья шаарындагы Селчук университетинен келген студентибиз.
- Жаныбек : Саламатсыздарбы, ТРТдагы практикабызды өтүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Бул үчунчү күн. Жакшы өтүп жатат. Уюштуруп берген Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы уюштуруп бергени үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
- Кенже: Мен кошумчалай кетсем, бул жакка чет өлкөлүк студенттерден абдан көп катышуу арызы берилген. 500 дөн 60 гана студент кабыл алынган. Биз ошолордун арасында болуп калганыбыз үчүн бактылуубуз. Ошондой эле биз бул жерде кыргыз коомунда кабарларды түркчөдөн кыргызчага которуп жардам берип жатабыз.
- Мунара: Мындай программа студенттер үчүн ар дайым болуп турабы? Ушул программмага силер биринчи катышып, ТРТга келип жатасыздарбы?
- Кенже: Ооба мен биринчи жолу келип жатам.
- Жаныбек : Бул биринчи жолу болуп жатат.
- Мунара: Программанын аталышы эмне?
- Жаныбек : Программанын аталышынын түркчөсү “ТРТ кыш окулу” , ошондо кыргызчага которсок ТРТнын кышкы мектеби болуп калат.
- Мунара: Сиз Коньядан келдиңиз , ал эми сиз Стамбулдан келдиңиз. Ал жакта кыргыз студенттери көп болсо керек?
- Кенже: Ооба. Мисалы Коньяда студенттер көп , отуздай. Ал эми андан сырткары иштегендерди кошкондо 50 дөй кыргызстандыктар бар. Мисалы бир айда бир жолу жолугуп турабыз.
- Мунара: Ал эми бул жакка ушул программа менен ТРТ га келүү үчүн кандай талаптар менен тандап алды?
- Жаныбек : Талаптарын билбейт экенбиз. Биз интернет аркылуу эле “Түркие бурслары” деген уюштуруусу бар. Ошол жактан атайын башка өлкөлөрдөн келген студенттерге ушундай мүмкүнчүлүк тузүп беришиптир. Ошол жерден каттоодон өттүк, ал эми тандагандарын өзүлөрү тандашты. Эмнелерге карап тандаганын билбейт экенбиз.
- Мунара: Ал эми ТРТ нин алгачкы таасирлери силерге кандай болуп жатат? Деги эле эмнени билдиңер? Кыргыз редакциясы кандай экен?
- Кенже: Кыргыз редакциясы... Менин таң калганым ушундай аз, болгону үч эле адам ушунчалык Кыргызстанды таанытып, кыргыз тилинде кабар берип жатканына ыраазы болдум.
- Жаныбек: ТРТ Түркиянын эң чоң каналы болгондуктан бул жерде практиканы өтүш менин үчүн абдан чоң сыймык. Анан бул жерде болгонума аябай кубанычтамын.
- Мунара: Бул жакта сиздерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришти?
- Кенже: Мүмкүнчүлүктөр... Мисалы, жатаканада бекер жашоо мүмкүнчүлүгүн алдык, бир жума отелдерде же башка квартираларда калбастан жатаканада жашап атабыз жана сервистер менен бизди эртең менен ТРТга алып келип, кечинде алып кетип турушат. Ошондой эле түшкү тамактануубуз дагы ТРТнын ичинде болот.
- Мунара: Кенже, сизден сурайын, Коньяда кайсыл багытта билим алып жатасыз жана бүгүнкү сиздин практикаңыздын ошол кесибиңизге тиешеси барбы?
- Кенже: Мен Коньяда социология боюнча магистратурада окуп жатам. Кесибиме андай деле тиешеси жок бирок албетте адамга жетимиш өнөр аздык кылат дегендей журналистика жагына дагы кызыгам.
- Мунара: Сиз, Жаныбек?
- Жаныбек:Мармара университетинде коммуникация факультети радио, телевидение жана кино бөлүмүндө окуйм. Бул практика менин бөлүмүмө түздөн түз тиешеси бар. Төртүнчү курс болгондуктан, азыр жумуш издеш керек дегендей, жумуш табыш керек дегендей, практикабызды да өтүп, буйруса кесип ээси болгонго аттанганы жатам.
- Мунара: Эми ошол Стамбул менен Конья шаарынан келгендиктен Анкаранын өзгөчөлүктөрүн кыскача айтып жана маегибизди жыйынтыктап берсеңиздер.
- Кенже: Конья... Албетте, Анкара борбор шаар болгондуктан калкы да көп шаары да чоң экен. Конья дагы Түркиядагы төртүнчү чоң шаар, бирок калкы 1 200 000 кишидей ошол үчүн бир топ айырмачылыктар бар...
- Мунара: Анкарага биринчи жолу келдеңиз э?
- Кенже: Ооба, Анкарага биринчи жолу келдим.
- Жаныбек: Мен дагы Анкарага биринчи жолу келдим. Стамбулдан келгеним үчүн... Стамбулда аябай кишилер көп, ызы-чуу бир шаар да, андан кийин... Анкарада элдер аз, Стамбулга караганда, тынч... Ошонусу менен айырмаланат. Анан бул жакка келгенден бери шыр эле практикага баштагандыгым үчүн азырынча кыдыра элекмин. Буюрса кыдырып Анкараны да тааныганга аракет кылабыз.
- Мунара: Рахмат, окууларыңарга ийгиликтерди каалайбыз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар