Өзбекстанда чет элдик базаларга каршы

Каримов мындан кийин жерлеринде чет элдик аскер жана базаларына уруксат беришпей турганын белгиледи

196404
Өзбекстанда чет элдик базаларга каршы

Өзбекстан башка өлкөлөрдүн жеринде аскердик база куруусуна уруксат бербей турганын билдирди. 21 - декабрдагы шайлоодон кийин түзүлгөн парламенттин мыйзам чыгаруу канаты Али парламенттин ачылышында сөз сүйлөгөн Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өлкөсүнүн тынчтыкты жактаган демилгелерине колдоо берүүнү улантарын айтты. Каримов дүйнөдө күн өткөн сайын күч алган кагылышууларды тынчтык жолу менен чечүү үчүн керек болгон чараларды көрүүгө чакырды. Каримов радикализм, терроризм жана ашыкча кетүүгө мамлекет катары олуттуу жана чечкиндүүлүк менен акырына чейин күрөшүшөрүн айтты. Өзбекстандын коңшулары менен тынчтык ичинде жашоону жактаганын да баса белгилеген Каримов мындан кийин жерлеринде чет элдик аскер жана базаларына уруксат беришпей турганын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар