Өзбекстанда шайлоо 29- мартта

Абдуселамов айрыкча президентик шайлоого байланыштуу Басма сөз Борборунун курулушуна чечим чыгарылганын билдирди

161352
Өзбекстанда шайлоо 29-  мартта

Өзбекстандын Борбордук Шайлоо Комиссиясы президенттик шайлоону 2015 - жылдын 29 - мартында өткөрөрүн билдирди. Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Мирза – Улугбек Абдуселамов өткөргөн пресс – жыйынында шайлоо кампанияларынын бүгүндөн башталганын айтты. Абдуселамов шайлоого даярдык иштеринин Борбордук Шайлоо Комиссиясы жана жаңы түзүлө турган аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан ачык жана так түрдө өлкөнүн конституциясы жана шайлоо мыйзамдарына ылайык түрдө жүргүзүлөрүн белгиледи. Абдуселамов айрыкча президентик шайлоого байланыштуу Басма сөз Борборунун курулушуна чечим чыгарылганын билдирди. Өзбекстанда 2007 - жылы 23 - декабрда болгон акыркы президенттик шайлоону парламенттин көпчүлүгүн түзгөн Өзбекстан Либералдык Демократ партиясы тарабынан талапкер катары көрсөтүлгөн Ислам Каримов жеңип алган. Каримов добуштардын 88, 1 пайызын алган.
Башка талапкерлерден Элдик демократтар партиясынын талапкери Аслиддин Рүстемов 3, 17 пайыз, Социал демократиялык адилеттик партиясынын аял талапкери Диларам Ташмухаммедова 2, 94 пайыз жана көз карандысыз талапкер Акмал Саидов 2, 85 пайыздык добуш алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар