Орусия менен Өзбекстандын ортосунда келишим
Путин жана Каримов сүйлөшүүнүн акырында экономикалык жана маданий кызматташтыкка карата келишимдерге кол коюшту
Орусиянын президенти Владимир Путин өзбек кесиптеши Ислам Каримовдун чакыруусу менен кечээ Өзбекстанга барды. Ташкентте жолугушкан эки лидер өлкөлөрдүн арасындагы карым – катнаштарды жана Орто Азиянын коопсуздук маселелерин карап чыгышты.
Орусиянын Өзбекстандын соода өнөктөштөрүнүн арасында биринчи орунда экенин белгилеген Путин акыркы 5 жылда Өзбекстанга жасалган орус инвестицияларынын 6 миллиард доллардан ашканын белгиледи.
Орто Азияда Афганстанга байланыштуу коопсуздук маселелерге көңүлдөрдү бурган Каримов да эки өлкөнүн коопсуздук коркунучтары тууралуу дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп туруу керектигин айтты. Путин жана Керимов сүйлөшүүнүн акырында экономикалык жана маданий кызматташтыкка карата келишимдерге кол коюшту.
Тектеш кабарлар
Шольцтун Астанадагы билдирүүсү
Германия менен Казакстандын ортосунда абдан кеңири өнөктөштүк бар экенин баса белгиледи.