Кипр жаратылыш газы

Түштүк Кипр Рум башкаруусу Египет менен соода карым – катнаштарын өнүктүрүүдө

205467
Кипр жаратылыш газы


Эки өлкөнүн энергетика министрлери Жер Ортолук деңизинде чыгарылган жаратылыш газын Египетке экспорттоо тууралуу келишим түзүлдү. Египет нефть министри Шериф Исмаил жана рум энергетика министри Йоргос Лаккотрипис жолугушуп Жер Ортолук деңизинен чыгарыла турган жараталыш газдын экспорту темасын карап чыгышты. Делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин эки министр маалымат беришти.
Египеттин нефть министри Исмаил Түштүк Кипрдын «Өзгөчө экономикалык аймагы» ичиндеги «Афродита» участогунан жаратылыш газ экспортунун башталышынан кийин жасала тургандарды сүйлөшүшкөндөрүн айтты. Исмаил Түштүк Кипр экспорттой турган жаратылыш газдын баарын сатып ала алышарын айтты.
Лаккотрипис болсо жаратылыш газдын Египетке экспорту тууралуу сүйлөшүүлөрдүн ылдамдатылуусуна чечим чыгарышкандарын жана эң жакшы экспорт жолунун түтүктөр экени боюнча бирдей пикирде экендерин белгиледи.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар