Түштүк газ коридорунун пайдубалы түптөлдү

Бул долбоор менен Азербайжан газынын Түркия аркылуу Европага жеткирилиши күтүлүүдө.

133020
Түштүк газ коридорунун пайдубалы түптөлдү

Азия менен Европаны Түркия аркылуу бири-бирине байланыштыра турган Түштүк газ коридору ишке ашууда.
Түштүк газ коридорунун пайдубалы Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн азем менен түптөлдү.
Бул долбоорго тараптар өлкөлөрдүн лидерлери азем үчүн Бакуда чогулушту.
Аземде Түркияны энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Танер Йылдыз өкүлдүк кылды.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев сөз сүйлөөсүндө, Түштүк газ коридору долбоорунун Европанын энергетика коопсуздугуна маанилүү салымын кошо турганын айтты.
Бул долбоор менен Азербайжан газынын Түркия аркылуу Европага жеткирилиши күтүлүүдө. 3 миң 500 километрдик жолду басып өтө турган долбоордо алгачкы газ агымы 2018-жылы Түркияга келет. Андан соң Европага ташылат. 

Биринчи баскычта ушул түтүк жол аркылуу жылына 10 миллиард метр кубдук жаратылыш газ Европага жеткирилет, андан кийин болсо бул көлөм 20 миллиард метр кубга чейин көбөйөт. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар