Азербайжан - Армения чек арасында кагылышуу
Кагылышууда 9 киши каза болду
Армения - Азербайжан фронтунда чыккан кагылышууда Азербайжан армиясынан 9 аскер каза болду. Азербайжан коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө түнкү сааттарда Агдам жана Тертер аймагында Азербайжан буктурмаларына жакындоого аракет кылган армян чалгындоо бөлүктөрүнүн аныкталганы жана ушул боюнча кагылышуу чыкканы билдирилди.
Катуу кагылышуудан кийин армян аскерлеринин жоготууга учуроо менен чегинишкени, Азербайжан армиясынан да жоготуулардын болгону белгиленди. Премьер - министрликтен жоготуулардын саны боюнча маалымат берилбестен Азербайжан АПА кабар агенттиги кагылышууларда сегиз Азербайжан аскеринин шейит болгонун жарыялады.
Коргонуу министрлигинен жасалган башка бир билдирүүдө Газах аймагында да армян аскерлеринин ок атууну токтотуунун эрежелерин бузуусу менен Азербайжан армиясынан Иса Алмазов аттуу аскердин каза болгону билдирилди.
Министрликтин жооптуулары шейит аскерлердин үй - бүлө жана жакындарына көңүл айтышты.
Тектеш кабарлар
Шольцтун Астанадагы билдирүүсү
Германия менен Казакстандын ортосунда абдан кеңири өнөктөштүк бар экенин баса белгиледи.