Шыңжанда куралдуу кол салуу

Кол салууда хан жана уйгурлар да болгон ондогон киши каза болду

74592
Шыңжанда куралдуу кол салуу

Кытайдын Шыңжан уйгур автоном аймагында мамлекеттик имараттарына куралдуу кол салуу жасалды. Кытай расмий кабар агенттиги көпчүлүгү мусулмандар болгон Шыңжан уйгур автоном аймагында дүйшөмбү күнү болгон «террордук кол салууда» ондогон кишинин каза болгонун жана жараланганын жарыялаган.
Расмий Синхуа агенттигинин аймактагы коопсуздук бөлүктөрүнө таянып берген кабарына караганда кол салуучулар кескин жана күйүүчү заттар менен жергиликтүү мамлекеттик имараттарды жана полицялык пункттарды басып алды. Кол салуучулардын жолдон өткөн унааларды да бутага алганы жана 31 унааны талкалаганы, 6 унааны болсо өрттөгөнү билдирилди. Араларында хан жана уйгурлар да болгон ондон ашуун жарандын каза болгону билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар