Түрк басма сөзү 26.03.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2120206
Түрк басма сөзү 26.03.2024

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : террористтердин уяларын жок кылдык» деген кабарында президент Эрдогандын Чорумда сүйлөгөн сөзүндө : «Түркияны террордон куткарганга чейин күрөшүбүздү улантабыз. Террористтердин уяларын жок кылуудабыз. Сирияда жүргүзгөн аскердик операция менен бардык кол салууларды майтардык. Мекенибизди бузуу пландарын жыртып ыргыттык»,- дегенин кабарлаган.

«Стар» гезити «ТҮРКСАТ 6А үчүн артка карай саноо башталды» деп билдирип, Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын : «2024 -  жыл  8 -  июль жумасында  Түркиянын биринчи улуттук кабарлашуу спутниги ТҮРКСА 6Аны космоско жиберебиз жана ушундайча дүйнөдө кабарлашуу спутниктерин өзү чыгара алган 11 өлкөнүн бири болобуз»,- дегенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Эрсой : иш  -  чара санын  6 миңден ашырабыз» деген маалыматында Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун бул жылы Түркия маданият жолу фестивалында иш  -  чара санын  6 миңден ашырууга араке кылышарын белгилеп : «8 айга жайылган бир маданият  - өнөр маратону менен Түркияда бир фестиваль атмосферасын жаратабыз. Дүйнөдө буга тең келе турган фестиваль жок»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Жумушсуздук сандары акыркы  10 жылдын эң төмөнкү дегээлинде» деп жазып, жумушсуздардын саны 2023 - жылы мурунку жылга салыштырмалуу 318 миңге азайып, 3 миллион 264 миң кишиге жеткендигин билдирген. Жумушсуздук көрсөткүчү 1 баллга төмөндөп 9,4 пайызга жетип, акыркы 10 жылдын эң төмөнкү деңгээлине жетти.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн мыкты футбол шаарлары тизмесинде Стамбулда орун алды» деген макаласында FourFourTwo журналы бир топ параметрди изилдеп дүйнөнүн мыкты футбол шаарларын изилдегендигин белгилеген. Европа, Түштүк Америка жана Африкадан бир нече шаар орун алган тизмеде Стамбул  9 -  орунду алды.

 

 



Тектеш кабарлар