Түрк басма сөзү 22.03.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2118654
Түрк басма сөзү 22.03.2024

"Ватан" гезити "Фидан : Израилдин атом тууралуу айткандары көз жаздымда калтырылбашы керек" деген кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Брюсселде өткөн Биринич атомдук энергетика саммитинде  сүйлөгөн сөзүндө : "Газадагы кыргын улантылып израилдик жетекчилердин атомдук куралдар тууралуу айткандарына көңүл бурулбастан калбашы керек",- деди. 

"Стар" гезити "Ирактын түндүгүндө "коопсуз аймак" түзүлөт" деп билдирип, Улуттук коргоо министрлигинин булактарынын Ирактын чек арасында коопсуз аймак түзүү менен өлкөбүзгө карата коркунучту алыстан тосуп алууну, транспорт жана энергетика долбоорлору менен да аймакта бейпилдикке салым кошууну максат кылуудабыз",- деп билдиргенин жазган. 

"Хүррийет" гезити "Анкара аймакта өзүн чебердик менен бекемдеп жатат" деген маалыматында Түркиянын эл аралык аренада таштаган кадамдары грек басма сөзүндө орун алганын белгилеген. Түркиянын кыймылдарына баа берген грек басма сөзү In.gr жарыялаган карта менен Анкаранын таасиринин күчөгөнүнө көңүл буруп : «Анкара аймакта өзүн чеберчилик менен бекемдөөдө»,- деп билдирди. 

"Йени шафак" гезити "Түркиянын шамалы чет элдикердин радарында" деп жазып, Испания  - Германия көп улуттуу Nordex Group компаниясынын башкы  директору Хосе Луис Бланконун Түркиядагы кургактыктагы шамал  станциясына инвестицияларын арттыра тургандарын белгилеп: «Алдыдагы жылы Түркияда   1 гигаваттык шамал станциясын куруу,  1 миллиард евролук  (35,3 миллиард лира) инвестиция салууну максат кылуудабыз",- дегенин белгилеген.

"Хабер түрк" гезити "Арабан сарымсагы үчүн Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч" деген макаласында Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклынын Газиантептин Арабан түздүгүндө өстүрүлгөн Арабан сарымсагынын Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч каттоодон өткөнүн айтканын бидирген. Ушундайча  Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүчтөрдү алган продукциялардын саны 21ге жетти.

 

 



Тектеш кабарлар