Түрк басма сөзү 20.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2117593
Түрк басма сөзү 20.03.2024

«Хүррийет» гезити «Жер титирөө болгон аймакты тез калыбына келтирүү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын жер титирөө болгон аймакта миңдеген жаңы үйдүн курулушунун ылдам уланып жатканын айтканын жазган. Жаңы үйлөрдүн санынын Европадагы көптөгөн өлкөнүн калкынан жана үй санынан көбүрөөк экенин баса белгилеген Эрдоган, жер титирөө болгон аймакты тез калыбына келтиргендерин билдирди.

«Ватан» гезити «Максат жылдын аягына чейин 200 миң жаңы үй салуу» аттуу маалыматында кылымдын апаатынан жапа чеккен 11 облуста дагы 30 миң 723 жаранга турак жай берилгенин жазган. Президент Эрдоган жер титирөө болгон аймактарда 1,5 айда 76 миң жаңы үй салгандарын айтты. Эрдоган бул санды жылдын аягына чейин 200 миңге жеткире тургандарын белгиледи.

«Сабах» гезити «Ирактын түндүгүндө 27 террордук бута жок кылынды» аттуу кабарында Ирактын түндүгүндөгү Метина, Зап, Хакурк, Гара жана Кандил аймактарында террордук уюм ПКК тарабынан колдонулгандыгы аныкталган 27 бутанын абадан операция менен жок кылынганын жазган. Улуттук Коргоо министрлиги: «Шейиттерибиздин канын жерде калтырган жокпуз жана калтырбайбыз!»,- деп билдирди.

«Стар» гезити «ПККны жок кылуу стратегиясы үчүн кадам» аттуу маалыматында Ирактын түндүгүндөгү ПКК коркунучун жок кылуу үчүн макулдашкан Түркия менен Ирактын таштала турган кадамдарга көңүл бургандарын жазган. Коопсуздук жагы жакынкы күндөрдө Багдаддан келе турган делегация менен Анкарада чечилет. ПККны таасирсиз кылуунун жолдору пландалып, 25 беренеден турган меморандум даярдалат.

«Хабертүрк» гезити: «Түркиянын болот өнөр жайынын экспорту өстү» аттуу кабарында Түркиянын болот өнөр жайынын экспорту жылдын биринчи эки айында 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,8 пайызга өсүп 2 миллиард 503 миллион 142 миң долларга жеткенин билдирген. Болоттун экспортунда 192 миллион 284 миң доллар менен Румыния биринчи орунга чыкты. Бул өлкөдөн кийин 136 миллион 499 миң доллар менен Италия жана 122 миллион 471 миң доллар менен Германия турат.

«Хабертүрк» гезити: «Түркиянын болот өнөр жайы экспорту өстү» аттуу кабарында Түркиянын болот өнөр жайынын экспорту жылдын биринчи эки айында 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,8 пайызга өсүп 2 миллиард 503 миллион 142 миң долларга жеткенин билдирген. Болоттун экспортунда 192 миллион 284 миң доллар менен Румыния биринчи орунга чыкты. Бул өлкөдөн кийин 136 миллион 499 миң доллар менен Италия жана 122 миллион 471 миң доллар менен Германия турат.



Тектеш кабарлар