Түрк басма сөзү 19.03.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2117239
Түрк басма сөзү  19.03.2024

"Сабах" гезити "Эрдоган : Чанаккале руху жолубузду жарыктандырууну улантат" деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын 18 -  Март шейиттерди эскерүү күнү жана Чанаккале деңиз жеңишинин  109 жылдыгына карата өткөрүлгөн аземде маалымат бергендигин жазган. Эрдоган маалыматында : "Биримдик жана ынтымагыбызды коргосок жети күч каршы чыкса да Чанаккале руху жолубузду жаркытандырууну улантат",- деди. 

"Хүррийет" гезити "Улуттук коргоо министрлиги : ФЕТӨ мүчөсү 3 киши  чек арада кармалды" деген маалыматында Улуттук коргоо министрлигинин Грецияга мыйзамсыз жолдор менен өтүүгө аракет кылган  3 кишинин чек ара бөлүктөрү тарабынан кармалгандыгын жана кишилердин ФЕТӨ мүчөсү экендигин билдиргенин жазган. 

"Ватан" гезити "Байрактар АКЫНЖЫдан учкучсуз учуучу аппарат  - 230 менен кош атуу" деп билдирип, Байкардын улуттук жана уникалдуу иштелип чыккан Чабуул коючу учкучсуз учуучу аппараты Байрактар АКЫНЖЫ учкучсуз учуучу аппарат  - 230 менен дагы бир жолу бутасын таамай аткандыгын маалымдаган. 

"Стар" гезити "Каспий деңизинде коопсуздукту түзүү үчүн Түркия менен байланышка өтүштү"  деген макаласында Казакстан менен Түркия делегацияларынын Каспий деңизинде коопсуздукту түзүү тармагында кызматташтык темаларын талкуулашкандарын жазган. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар  министрлигинен берилген маалыматка караганда жолугушууда деңизде коопсуздугунун түзүлүшү жана өзгөчө кырдаалдарга кийлигише турган кемелер менен ресурстарды сактоо боюнча кызматташтыкка баа берилди.

"Хабер түрк" гезити "Төртүнчү жолу "Жылдын аэропорту" болуп тандалды" деп жазып, Стамбул аэропорту «Аба транспорту сыйлыктарынын» алкагында төртүнчү жолу «Жылдын аэропорту» сыйлыгына татыктуу болгонун белгилеген. Грециянын Экали шаарында өткөрүлгөн аземде сыйлык Стамбул аэропортунун оператору ИГАнын башкы директорунун орун басары Селахаттин Билгенге тапшырылды.

 



Тектеш кабарлар