Түрк басма сөзү 11.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2113408
Түрк басма сөзү 11.03.2024

«Хүррийет» гезити «Стамбулдагы критикалык жыйын гезит беттеринде» аттуу кабарында Стамбулда өткөрүлгөн Эрдоган-Зеленский жыйыны дүйнөнүн күн тартибинде экенин жазган. Критикалык жолугушууга көңүл бурган француз басма сөзү «Зеленский Түркиянын колдоосуна ишенет» деп сереп салды. Кабарда Түркиянын жаңы муундагы ата мекендик куралдарынын согушта ойногон ролуна көңүл бурулду.

«Ватан» гезити «АК партиянын басма сөз катчысы Челиктин Нетаньяхуга реакциясы» аттуу маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челиктин (Израилдин премьер-министри Беньямин) Нетаньяху башкаруусунун президент Режеп Таййип Эрдоганга жана Түркияга карата жасаган билдирүүлөрүнө каршылык көрсөткөнүн жазган. Челик социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Бейкүнөө адамдардын өмүрүн бутага алган Нетаньяху башкаруусунун жана кыргын өнөктөштөрүнүн, президентибиз Режеп Таййип Эрдоган менен Түркияга карата жасаган билдирүүлөрү жокко эсе», деди.

«Хабертүрк» гезити «2026-жылы бир орундуу инфляцияны көрөбүз» аттуу кабарында вице-президент Жевдет Йылмаздын: «2024-жылдын экинчи жарымында олуттуу таасирлерди (инфляциянын төмөндөшүн) көрөбүз. 2025-жылы бир топ төмөн көрсөткүчтөр болот. 2026-жылы болсо бир орундуу инфляцияга кайрадан жетебиз жана бул темада чечкиндүүбүз»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Түркиянын энергия булагында биринчи рекорд келди» аттуу маалыматында Шырнакта террордук уюмдан тазаланган Габар жана Жуди тоолорунун Түркиянын жаңы энергия булагына айланганын билдирген. Аймакта 2019-2020-жылдары жүргүзүлгөн сейсмикалык жана бургулоо иштеринен кийин ачылган кудуктар менен күнүмдүк 37 миң баррель мунай өндүрүүгө жетишилди.

«Стар» гезити «Түштүк Азия өлкөсүнөн Bayraktar TB2 сюрпризи» аттуу кабарында Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар экспорттолгон өлкөлөргө Мальдив аралдарынын да кошулганын жазган. Алынган маалыматка караганда Мальдив аралдары коопсуздук күчтөрүнүн муктаждыктары үчүн командалык башкаруу станциясы жана 6 даана Байрактар ​​ТБ2ден турган системаны сатып алат.



Тектеш кабарлар