Түрк басма сөзү 07.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2112127
Түрк басма сөзү 07.03.2024

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: эң өкүккөн мамлекеттердин арасында орун алабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Малатиядагы митингде элге кайрылуу жасаганын маалымдаган. Эрдоган Түркия дипломатиясы, экономикасы, аскердик күчү жана коомдук түзүлүшү менен дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн арасында орун алганга чейин күрөштү уланта тургандарын айтты.

«Сабах» гезити «Террор менен күрөшүүдө Эрдогандан ачык билдирүү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын террор менен күрөшүүдө ачык билдирүүлөрдү жасаганын маалымдаган. Ирактагы операциялардын максатына жараша ийгиликтүү уланып жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Империалисттердин кошоматчылыгын кылган жалданма киши өлтүргүчтөрдүн үйүрүн эртеби-кечпи сөзсүз жок кылабыз»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «ПККны Иракта жок кылуу стратегиясы» деген макаласында «Иракта террордук уюм ПККны жеңүү үчүн аймакта базалар курулуп, коопсуз аймактар ​​түзүлөт. Террорчулар тоолуу аймактан түздүккө чыгарылат. Уюм активдүү иштеген аймактар ​​көзөмөлгө алынат. ПКК жайгашкан Кандил, Сүлеймание, Махмур жана Синжар аймактарында Ирак армиясы менен операция күн тартибинде болушу мүмкүн» деген маалыматты берген.

«Стар» гезити «Түркиядан Израилге каршы чыгуу» аттуу кабарында Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө: «Израиль бийликтери тарабынан жактырылган Батыш Шериада 3500 үй куруу планы Палестина жерлерин басып алууну дагы да кеңейтүү дегенди билдирет. Бул аракет дароо токтотулушу керек»,-деп айтылганы баяндалган.

«Хүррийет» гезити «Атлантикалык Кеңештен таң калыштуу Түркия анализи» деген кабарында Түркиянын ата мекендик жана улуттук куралдары дүйнөлүк базарда көңүл бурууну улантууда. Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Атлантика Кеңеши Түркиянын улуттук коргонуу өнөр жайындагы жетишкендиктери Европанын коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн бергенин жазганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар