Түрк басма сөзү 4.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2110370
Түрк басма сөзү 4.03.2024

«Сабах» гезити: «Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен сүйлөштү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Сүйлөшүүдө Түркия-Пакистан карым-катнаштары, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелер каралды. Эрдоган Шахбаз Шарифти кайрадан премьер-министрликке шайланышы менен куттуктап, Түркия-Пакистан карым-катнаштарынын жаңы мезгилде тереңдеп өнүгөрүнө ишенгенин айтты.

«Хабер түрк» гезити «Фидан: Газада ок атышууну токтотуу үчүн олуттуу аракет бар» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын, Газада ок атышпоо үчүн сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын белгилеп: «Рамазандан мурда (10-март) ок атышууну токтотуу үчүн абдан олуттуу каалоо жана аракет бар»,- дегенин жазган.  Фидан ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин чакыруусу менен келерки аптада АКШга бара турганын айтты.

«Хүррийет» гезити «Чет элдик инвесторлордон Түркияга чоң кызыгуу» аттуу кабарында вице-президент Жевдет Йылмаздын түрк экономикасынын дүйнөгө салыштырмалуу абдан жакшы көрсөткүч көрсөткөнүн айтканын билдирген. Чет элдик инвесторлордун Түркияга жаңы инвестицияларды салгысы келгенин белгилеген Йылмаз: «Алдыдагы мезгилде буларды дагы көп көрөбүз»,-деди.

«Стар» гезити «Сиярто: Түркиянын негизинде дүйнөнү кыдырууга аргасыз болбойбуз» аттуу маалыматында Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто Анталья дипломатиялык форумуна (ADF) байланыштуу: «Бул Батыш Европасыз Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы сыяктуу»,- дегенин жазган. Көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү катышкан форумдун эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бергенин баса белгилеген Сиярто: «Дүйнө менен сүйлөшүү үчүн дүйнөнү кыдырууга аргасыз болбойбуз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «ХИСАР-О бир убакта үч ракетаны учурууда» аттуу кабарында Улуттук Коргоо министрлиги, орто бийиктиктеги абадан коргонуу ракета системасы HİSAR-Oнун атуу видеолорун бөлүшкөнүн жазган. Системанын аккумулятору 3 ракета учуруучу аппараттан, 1 орто аралыкка учуучу абадан коргонуу радарынан, 1 атуу көзөмөл борбору менен кошумча колдоо бөлүмдөрүнөн жана унаалардан турат.



Тектеш кабарлар