Түрк басма сөзү 15.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2102565
Түрк басма сөзү 15.02.2024

«Ватан» гезити «Египет менен жаңы доор» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын 12 жылдан кийин Египетке жасаган сапарында египеттик кесиптеши Абдулфеттах эс-Сиси менен жолугушканын жазган. Эрдоган: «Соода көлөмүбүздү 15 миллиард долларга чыгарабыз»,-деди. Сиси Түркияга бара турганын билдирди.

«Йени шафак» гезити «Жумуш менен камсыз кылууда рекорд жаңырды» деген кабарында Түркияда республиканын негизделгенинин 100 жылдыгында жумуш менен камсыз болгондордун саны рекорддук деңгээлге жетип, 32 миллион 56 миң болгонун бегилеген. 2023-жылдын акыркы айында катталган 48,8 пайыздык жумуштуулук деңгээли акыркы 19 жылдын эң жогорку көрсөткүчү катары белгиленди.

«Хабер түрк» гезити «Анкаранын АКШдан күтүүсү» аттуу маалыматында тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечелинин Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгү жана F-16 согуштук учагын сатып алуу процессинен кийинки карым-катнаштарына баа бергенин жазган. Карым-катнаштардын тереңдигинде эч качан төмөндөө болбогонун баса белгилеген Кечели, АКШдан күтүлгөндүн террор уюму ПКК менен карым – катнаштарын токтотуу экенин айтты.

«Стар» гезити «Дүйнөлүк бойкоттон кийин Түркияга суроо-талап жогорулады» деген маалыматында Палестина демилгесинин басма сөз катчысы Түлай Гөкчимен, Израилдин 2023-жылдын 7-октябрында башталган Газага кол салууларынан кийин бүткүл дүйнөдө башталган Израиль товарларына каршы бойкот кампаниясынын массалык мүнөзгө өткөнүн айтканын маалымдаган. Гезит Гөкчимендин бойкоттон кийин түрк өнүмдөрүнө карата чоң тенденция болгонун айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Түркия туризмде 2024-жылдагы максаттарына жетет» аттуу маалыматында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун 60 миллион турист жана туризмден 60 миллиард доллар киреше алуу максаты менен кирген жаңы жылда өлкөгө келгендер жана резервация көрсөткүчтөрү жакшы бара жатканын айтканын маалымдаган. Эрсой: «2024-жылдагы максаттарыбызга оңой жетебиз деп үмүттөнөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар