Түрк басма сөзү 18.01.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2090191
Түрк басма сөзү 18.01.2024

«Сабах» гезити «Эрдоган дүйнө күн тартибинде из калтырды» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын өкмөт жыйынынан кийинки билдирүүсүндө террор менен күрөшүү темасында берген билдирүүлөрү менен дүйнөнүн күн тартибинде орун алганын жазган. Эл аралык агенттиктер биринин артынан бири кабарларында «Түркия террор менен күрөшүүдө чечкиндүү!» деген теманы коюп Эрдогандын «Же биз менен болсуздар же болбосо каршыбыздасыздар» деген билдирүүсүн бергенин жарыялашты.

«Стар» гезити «Түркиянын космостук сапары бир күнгө жылдырылды» деген кабарында Түркиянын биринчи космос саякатчысы Алпер Гезеравжы мүчө болгон Ax-3 миссиясы бир күнгө жылдырылганын маалымдаган. SpaceX тарабынан жасалган билдирүүдө Түркиянын биринчи космос саякатчысы мүчөсү болгон жана бүгүнкү күнгө жылдырылган Ax-3 миссиясынын учуруу алдындагы акыркы текшерүүлөрүнүн аяктай турганы белгиленди.

«Йенишафак» гезити «Путин бир нече айдан кийин жарыялады: Түркияга болгон басымы көңүлдөрдү бурду» аттуу маалыматында Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш уланып жаткан чакта, орус президенти Путин тынчтыкка жетише албаганы үчүн Киевди жооптуу деп күнөөлөгөнүн жазган. Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө көңүл бурган Путин, Украинанын сүйлөшүү үстөлүнөн кеткенин белгилеп: «Стамбулда бардык нерседе макулдашканбыз. Түркия бизди элдештирген болчу»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Каалгадагы виза жыл бою күчүндө болот» аттуу кабарында Түркияда жолугушууларды өткөргөн Грециянын туризм министри Ольга Кефалояннистин Грециянын 10 аралына пландалганы жарыяланган келүү визасынын март айынан тарта башталып, жыл бою улана турганын айтканын баяндаган.

«Ватан» гезити «Сафранболу шафран географиялык белги алды» деген кабарында Европа Комиссиясынын Айыл чарба жана айылды өнүктүрүү башкы директорлугунун географиялык көрсөткүчтөр боюнча директору Диего Канга Фанонун Сафранболу шафранын географиялык белги алуу үчүн бекиткендерин жарыяланын маалымдаган.



Тектеш кабарлар