Түрк басма сөзү 11.01.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2087218
Түрк басма сөзү 11.01.2024

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: «Израилдин башы маң, күтө тургула бул биринчи гана кадам» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) 97 жылдыгына арналган иш-чараларда билдирүү жасаганын жазган. MİTтин Моссадга каршы операциясына баа берген Эрдоган: «Өлкөбүздө Израилдин тыңчылык тармагын ачыкка чыгарган уюмубуз бизди коркуткандарга жообубузду абдан ачык берди. Израилдин башы маң, күткүлө, бул биринчи кадам. Түркияны таанууга аргасызсыңыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «MİT төрагасы Калын: «Түзүлүшүн жарыялоого кубанычтамын» аттуу кабарында MİTтин төрагасы Ибрахим Калындын кечээ Улуттук чалгындоо уюмунун 97 жылдыгына арналган иш-чараларда сүйлөгөн сөзүндө: «Түркиянын чалгындоо теориясы боюнча сөз ээси болушу максатында Улуттук чалгындоо академиясынын түзүлгөнүн жарыялоодон кубанычтамын»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Министр Фидандын Тажикстандагы критикалык жолугушуулары» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын расмий сапарынын алкагында кечээ Тажикстанга барып, президент Имомали Рахман менен жолугушканын маалымдаган. Министр Фидан Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен да жолугуп, эки тараптуу карым-катнаштарды жана аймактык маселелерди талкуулады.

«Хабер түрк» гезити «2023-жылы Түркиядан 151,6 миллион долларлык жержаңгак экспорттолду» деген кабарында Түркиядан 2023-жылы 96 өлкөгө жержаңгак экспортунан 151 миллион 568 миң доллар киреше алынганын маалымдаган. Германия Түркия эң көп жержаңгак экспорт кылган өлкөлөрдүн бири. Түркия өткөн жылы Германияга 36 миллион 9 миң долларлык жержаңгак сатты. Германиядан кийин 22 миллион 460 миң доллар менен Италия, 12 миллион 628 миң доллар менен Ирак орун алды.

«Сабах» гезити «АКСУНГУР учкучсуз учуучу аппаратынан жакшы кабар» деген маалыматында ата мекендик жана улуттук ресурстар менен өндүрүлгөн АКСУНГҮР учкучсуз учуучу аппараттан жакшы кабар келгенин маалымдаган. Дагы бир биринчиликке жетишкен АКСУНГУР учкучсуз учуучу аппараты улуттук кыймылдаткычы TEI-PD170 менен 41 сааттык учууну аткарды.



Тектеш кабарлар