Түрк басма сөзү 14.12.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2076369
Түрк басма сөзү 14.12.2023

«Йени шафак» гезити «Газа үчүн дипломатиялык аракет» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Газадагы кан төгүүнү токтотуу үчүн окуялар башталгандан бери 30 жолу жекеме-жеке жолугушуу, 32 жолу да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн жазган. Эрдоган: «Кан төгүүнү токтотуу үчүн аракет кылабыз. Газага карата позициябыз ачык»,-деп билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Куртулмуштан Газа реакциясы» аттуу маалыматында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, Израилдин палестиналыктарга карата акыркы кыргын көрүнүштөрүнүн адамзат үчүн уяткаруучу экенин айтканын билдирген. БУУда АКШ баштаган 10 өлкөнүн Газадагы ок атышууну токтотуу чакырыгына жок дегенин эске салган Куртулмуш: «Дүйнө Израилдин кулдары болгон 10 мамлекеттен чоң жана алар бир күнү жоопко тартылышат», - деди.

«Стар» гезити «Түркиядан Газа үчүн дароо ок атышууну токтотуу чакырыгы» аттуу кабарында тышкы иштер министринин орун басары Йасин Экрем Серим, Израилдин миңдеген карапайым калкты кырган Газа тилкесинде чукул ок атышпоо зарылдыгын баса белгилегенин жазган. Серим, Палестина калкынын укуктарын коргой турган, адилеттүү жана туруктуу тынчтыктын кепили боло турган механизмди тез арада түзүүгө муктаждык бар экенин, Түркиянын жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр экенин билдирди.

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдиги (ЕБ): Түркия маанилүү өнөктөш» аттуу кабарында Евробиримдиктин бүгүнкү саммитинин алдында Жалпы иштер кеңешинен «Макулдашууга даярбыз» деген билдирүү келгенин жазган. Кабыл алынган чечимдерде Түркиянын талапкер өлкө жана көптөгөн тармактарда негизги өнөктөш болууну улантып жатканы айтылды.

«Сабах» гезити «Англия менен Германиянын тамактары түрк мештеринде бышырылууда» аттуу кабарында Түркиянын январь-октябрь айларында меш экспорту 340 миллион 626 миң доллар, электр меш сатуусу 255 миллион 878 миң доллар болгонун жазган. Экспорттолгон ар бир 5 электр мешинин бири Англияга, андан кийин Германияга жөнөтүлүүдө.



Тектеш кабарлар