Түрк басма сөзү 6.09.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2033544
Түрк басма сөзү 6.09.2023

«Хүррийет» гезити «Түркияны энергетикалык борборго айландыруудабыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын иш сапарынын алкагында дүйшөмбү күнү барган Орусиядан кайтып келе жатканда учакка билдирүүлөрдү жасап: «Түркияда курула турган жаратылыш газ борборунун негизинде  энергетика тармагында да, бааларда да жылыштар болот. Өлкөбүздү энергетикалык базага айландырабыз дегенбиз, бул үчүн зарыл болгон инфраструктураны, физикалык шарттарды түзүп жатабыз»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Фидан грек кесиптеши менен жолугушту» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын кечээ Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Герапетритис менен жолугушканын кабарлаган. Жолугушуудан кийин билдирүүлөрдү жасаган Фидан: «Греция менен жаңы жана оң мезгилге кирдик»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Түркия менен Япониядан маанилүү кадам» аттуу кабарында соода министри Өмер Болат: «Түркия менен Япониянын соода жана инвестиция тармагындагы кызматташтыгын шыктандыруу максатында мурда түзүлгөн Түркия-Япония соода жана инвестиция саммитин эң кыска убакытта Токиодо өткөрүү, ошондой эле бул саммиттерди үзгүлтүксүз улантуу чечимин кабыл алдык»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Түркиянын фундук экспорту 1 миллиард 795 миллион доллар» аттуу маалыматында Түркия 2022-2023 экспорттук сезондо фундуктан 1 миллиард 795 миллион долларлык киреше тапканын кабарлаган. Карадеңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар бирикмесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аталган мезгилде чет өлкөгө 298 миң 557 тонна фундуктун 1 миллиард 795 миллион 189 миң 783 долларга сатылганы белгиленди.

«Стар» гезити «Тордун султандары жаңы багыттарга учат» аттуу кабарында Европа чемпиону болгон Түркиянын волейбол боюнча А улуттук кыздар командасы 8-сентябрда 2024-жылкы Париж Олимпиада оюндарынын тандоо беттештери үчүн Японияга бара турганын билдирген. Улуттук курама В тайпасында үй ээси Япониядан тышкары Бразилия, Бельгия, Болгария, Пуэрто-Рико, Аргентина жана Перу менен беттешет.



Тектеш кабарлар