Түрк басма сөзү 08.08.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2021434
Түрк басма сөзү 08.08.2023

«Сабах» гезити «Эрдоган: Түркия максаттарына карай бекем кадамдар менен баратат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын глобалдык экономика жана аймактагы ар кандай көйгөйлөргө карабастан Түркиянын максаттарына карай бекем кадамдар менен бара жатканын айтканын маалымдаган. Эрдоган: «Түркия кылымдардан бери биринчи жолу глобалдык системанын жогорку лигасына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган дагы бир жолу аракетте» аттуу кабарында Орусия-Украина согушу 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жатканда, дүйнө күткөн кабар Орусиядан келгенин маалымдаган. Орус маалымат каражаттары президент Режеп Таййип Эрдоган тынчтык үчүн дагы бир жолу кадам таштоого даярданып жатканын жазды.

«Йени шафак» гезити «Грек медиасы: Түркия Африкада Батыштын тактысын солкулдатат» деген макаласында Анкаранын Африкадагы таасиринин күчөшү Грециянын күн тартибине айланганын белгилеген. Түркиянын континенттик өлкөлөр менен жакшы карым-катнаштарды өнүктүргөнүн баса белгилеген грек басмасы, өнүгүп жаткан Түркия-Африка карым-катнаштарынын Батыштын Африкадагы гегемониясын алсыратканына басым жасады.

«Стар» гезити «Европа Биримдиги (ЕБ) менен Түркиянын ортосундагы критикалык жолугушуу» аттуу кабарында соода министри Өмер Болат Еврокомиссиянын соода боюнча вице-президенти Валдис Домбровскис менен абдан позитивдүү онлайн жолугушуу өткөргөнүн айтканын баяндаган. Өмер Болат:«Жолугушууда Түркия менен ЕБнин ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштарды жаңы мезгилде өнүктүрүү үчүн орток жол картасы боюнча макулдаштык»,-деди.

«Ватан» гезити «Дүйнөдөгү эң көп кирешелүү биржа, Borsa İstanbul (Биржа Стамбул)» деген кабарында Биржа Стамбул акыркы жумада 4,72 пайыз, акыркы айда 23,26 пайыз жана акыркы 3 айда 65 пайыз кирешеси менен дүйнөнүн эң кирешелүү базары болууга жетишкенин маалымдаган. Биржа Стамбул айрыкча акыркы 6 айда 48 пайыз менен экинчи, акыркы 1 жылда 171,7 пайыз менен үчүнчү болду.



Тектеш кабарлар