Түрк басма сөзү 01.08.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2018459
Түрк басма сөзү 01.08.2023

«Хүррийет» гезити «Фидан: Алар мүмкүн болуучу зыян жана коркунучтарды түшүнө башташты» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Дания жана Швецияда Куранга болгон кол салууларга байланыштуу: «Эки өлкөнүн тең бул көйгөйдөн келип чыккан потенциалдуу зыян жана коркунучтарды түшүнө баштаганын көрүп жатабыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Фидандан Арменияга Зеңгезур кабары» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Фидандын Азербайжан-Армения аймагында тынчтык жана ырааттуулукка алып баруучу жолдун ар тараптуу тынчтык келишиминен өткөнүн, бул үчүн Зангезур коридорунун ачылышынын чоң мааниси бар экенин айтканын белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «Байрактардан Сауд Арабия менен энергетика келишиминин декларациясы» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын ​​Перс булуңундагы өлкөлөрдөн Түркияга олуттуу кызыгуу бар экенин белгилеп: «Сауд Арабиясы менен энергетика келишимине кол койдук. Сауд Арабиясы менен маанилүү энергетикалык кызматташтык түзүүнү максат кылуудабыз. Материал суммасы тактала элек. Алардын 4-5 миң мегаваттык кайра жаралуучу энергия долбооруна кызыгуусу болгонун көрүп жатабыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Йенишафак» гезити «Түркия алгачкы 6 айда 22 миллион туристти кабыл алды» деген кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой : «Түркиядагы туристтердин саны алгачкы 6 айда 17,5 пайызга өсүп 22 миллион 945 миң кишиге жетти. Ошентип туризм кирешеси 21 миллиард 734 миллион доллар болду»,- деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропорту Европанын эң көп киши тоскон аэропорту болду» деген кабарында Стамбул аэропортунун 17-23-июль күндөрү орто эсеп менен 1472 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болгонун маалымдаган.



Тектеш кабарлар