Түрк басма сөзү 13.07.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2010733
Түрк басма сөзү 13.07.2023

«Стар» гезити «Эрдоган: Шериктештерибиздин ПЙД/ЙПГ менен болгон мамилеси альянска зыян келтирүүдө» аттуу маалыматында НАТО саммитинен кийин маалымат жыйын өткөргөн президент Режеп Таййип Эрдоган: «Кээ бир шериктештерибиздин ПЙД/ЙПГ менен болгон ыпылас карым-катнаштары альянстын биримдигине жана бүтүндүгүнө доо кетирүүдө, мунун акылга сыярлык жана логикалык бир түшүндүрмөсү жок»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Швециянын НАТОго кирүүсүн бекитүүчү орган-Парламент» аттуу маалыматында президент Эрдогандын НАТО саммитинен кийинки билдирүүсүндө: «Биринчи даражадагы бекитүүчү орган Түркия Улуу Улуттук Жыйыны»,-деп айтканын берген.

«Хүррийет» гезити «Байден Эрдоганга видеолуу рахматын айтты» деген кабарында АКШнын президенти Жо Байдендин НАТОнун лидерлер саммитинде президент Эрдоган менен болгон жолугушуусунун видеолорун социалдык медиа эсебинен бөлүшүп: «Эрдигиңиз, лидерлигиңиз жана дипломатияңыз үчүн рахмат»,-деп айтканын маалымдаган.

«Сабах» гезити «БУУдан Түркияга «Дан коридору» боюнча ыраазычылык: Биз ыраазыбыз» деген маалыматында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерриштин Кара деңиз дан коридору келишиминин алкагында жүргүзүлгөн иштер үчүн Түркияга ыраазы экенин билдиргенин жазган.

«Йенишафак» гезити «Куртулмуш: Түркия менен Азербайжандын жогото турган убактысы жок» аттуу кабарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун коштоосундагы парламенттик делегация менен Баку жолугушууларынын алкагында президент Илхам Алиев жана премьер-министр Али Асадов менен жолугушканын маалымдаган. Куртулмуш: «Түркия катары жүрүшүбүздү калган жерден улантып жатабыз. Биздин да, Азербайжандын да жогото турган убактысы жок»,-деди.



Тектеш кабарлар