Түрк басма сөзү 27.04.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1979997
Түрк басма сөзү 27.04.2023

 

«Ватан» гезити «Чет өлкөдөгү түрк жарандары бүгүн добуш бере башташты» аттуу кабарында Президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоолор үчүн чет өлкөдө катталган түрк жарандарынын добуш берүү процесси бажы бекеттеринде жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө башталганын билдирген. Бажы бекеттериндеги добуш берүү процесси 14-май жекшемби күнү саат 17.00гө чейин уланат.

«Хүррийет» гезити «Түркиядан Батышка ПКК эскертүүсү» аттуу маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Сириянын түндүгүндө ПКК террорун мыйзамдаштырууга аракет кылгандарга каршылык көрсөткөнүн жазган. Калын: «Ачык айтып жатабыз; ПКК жана анын уландылары кайда жүрбөсүн, кандай желектин астына жашынбасын биз үчүн ачык жана мыйзамдуу бута. Терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы күрөштү ар бир багытта улантабыз»,-деди.

«Сабах» гезити «TEKNOFEST толкундануусу башталууда» аттуу кабарында 2018-жылы биринчи жолу уюштурулган дүйнөнүн эң чоң авиация, космос жана технология фестивалы миллиондогон технология сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген TEKNOFEST бүгүн Стамбулдун Ататүрк аэропортунда 7-жолу башталып жатканын маалымдаган. 1-майга чейин созула турган фестивалга миллиондогон технология ышкыбоздору келет.

«Йени Шафак» гезити «Түрксат 6А 2 миллиард калкты камтыйт» аттуу кабарында Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңешинин (TÜBİTAK) төрагасы Хасан Мандалдын Түркиянын алгачкы ата мекендик жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Анын жылдын аягында же 2024-жылдын башында космоско учурула турганын билдиргенин жазган. Кабарлашууда география жана калк жагынан камтуу аймагынын кеңейе турганын билдирген Мандал : «Түрксат 6А 2 миллиард калкты камтыйт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Чачты көчүрүү жана эстетика үчүн 1 миллион 100 миң киши келди» деген кабарында 2022-жылы Түркияга 1 миллион 860 миңге жакын адам дарылануу үчүн келгенин маалымдаган. Түркияга чач көчүрүү жана эстетика үчүн келгендердин саны бир миллион 100 миңдин тегерегинде. Мындан тышкары Түркияга медицинанын онкологиядан ортопедияга, жүрөк-кан тамыр хирургиясынан жалпы хирургияга, кулак, мурун, тамак жана нейрохирургиядан физикалык терапия жана экстракорпоралдык уруктандырууга чейин бардык тармактарында келген бейтаптардын саны өтө олуттуу.



Тектеш кабарлар